Сириядагы согушка кеткен 2 кыргыз жараны кайтып келди

Сириядагы согушка катышууга кеткен 2 кыргыз жаранын УКМК кайтарып алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, аталган өлкөгө кеткен кыргыз балдардын ата-энелери жана ЖКнын депутаттары менен тыгыз иш алып барган УКМКнын кызматкерлери 35 жаштагы А.Жалалов менен 29 жаштагы А.Ташбалтаевди кичи мекени Кызыл-Кыя шаарына жеткирди. Аларга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөнүн билдирген УКМК калган балдарды кайтарып алуу боюнча да иш аракеттер жасалып жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан