Куудул, пародист Манас Бердибеков мындан 16 жыл мурун, тагыраагы 2001-жылы 9-сентябрда каза болгон. Учурунда бүтүндөй элге күлкү тартуулаган куудулдун күтүүсүз өлүмү анын миллиондогон күйөрмандарын ыйлаткан. Бүгүн сахналаштары Манас Бердибековдун өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын айтып эскеришти. Чыгармачылыктын оор түйшүгүн аны менен бир жолдо узак көтөргөн куудулдар Манас Бердибеков өз мезгилинде Кыргыз юморунун легендасы болгонун айтышты.
РАХМАН РАЗЫКОВ: "МАНАС ДОСУМА КАТ" ДЕП ДАСТАН ЖАЗГАМ"
"Манас Бердибеков тууралуу ыр түрүндө "Манас досума кат" деген аталыштагы дастан жазгам. Бирок каражат маселесинен улам басылып чыга элек. Ошол китепте Манас жөнүндө бүт жазылган. Аны бир сөз менен айтып болбойт. Себеби Манас кыргыз сатирасында кайталангыс образдарды жараткан өзгөчө бир куудул. Мен канча балдарды даярдап жүрөм, бирок ошол Манастын өзгөчөлүгүндөй ар кандай жагдайдан сатиранын тили менен чыгып кеткендерди көрө элекмин. Манасты менчелик билген, ага баа бере турган адам жок болушу керек. Биз 1986-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин бирге болдук. Ал менен эң акыркы сүйлөшкөн киши да мен болгом. Манас ар бир сатирага башкача боёк бере алган кайталангыс талант болчу", - деп эскерди Манас Бердибековдун сахналаш досу Рахман Разыков.
АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ: "МАНАС МЕНЕН ИНТЕРМЕДИЯ ОЙНООНУН ӨЗҮ ЫРАХАТ ЭЛЕ"
"Баш-аягы 10 жылдан ашуун бирге жүрдүк. Анын мүнөзүн, талантын эл билет. Манастын бир өзгөчөлүгүн айтсам, ал бир эле сатираны 5-6 образда айтчу. Аны биз да Манастай аткара албайбыз. Анын өзгөчөлүгү актёрлук чеберчилигинин күчтүүлүгүндө. Манас менен интермедия ойноонун өзү ырахат эле. Өнөктөшүң мыкты болсо сахнада жүрүү жеңил болот. Манас бизди өмүрүнүн акырына чейин күлдүрүп, көңүлүбүздү көтөрдү. Ошончо бирге чогуу жүрүп, тилектеш, дос, бир туугандай болуп калганда каза болду", - деп эскерди куудул Абдылда Иманкулов.
ЖАМБЫЛ КАМЧИЕВ: "МАНАС КАЗА БОЛГОНДОН КИЙИН КУУДУЛДАРДЫН АРАСЫНДА БИРИМДИК ЫДЫРАДЫ"
"Манас Бердибековдун өлүмү биз үчүн күтүүсүз болду. Мен анын каза болгонун Чоң-Алай жакта жүрүп уктум. Жолдо 50 чакырымдай токтоно албай ыйлап келдим. Ал өлгөндөн кийин биз, куудулдар баарыбыз өз алдынча кеттик, ыдырадык, башыбыз бирикпей калды. Ал шайыр, тамашакөй адам эле. Мени анча-мынча адам күлдүрө албайт. Манас сүйлөгөндө токтоно албай күлөр элем. Ал мага мыкты куудул, мыкты дос болчу. Азыр да күн сайын Манастын сөздөрүн, жоруктарын эстеп күлүп калабыз. Жаткан жери жайлуу болсун", - деп эскерди Жамбыл Камчиев.
БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ: "МАНАСТЫН "ЖАЛПАК ЖӨЖӨСҮ" 20 ЖЫЛДАН КИЙИН ДА АЙТЫЛАТ"
"Манас Бердибеков баёо, бала кыял, берешен, бирөөдөн жардамын аябаган жөнөкөй анан шайыр жан эле. Жашоодо биз куудул болгондон кийин адамдар менен сүйлөшүп туруп калсак, алар бизден күтөт азыр күлдүрөт деп. Биз дайыма эле адамдарды күлдүрүүгө ашыкпайбыз. Манас турган жеринде кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү менен адамдын баарын күлкүгө бөлөп салчу. Анын "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" тамашаларынын бүгүн да айтылып эл оозунда жүргөнү бул турмуштук сатиралар экендигинде. Азыр куудулдар аябай саясатташкан сатиралар менен иштеп калды. Бул саясий сатиралардын өмүрү кыска, кайсы бир саясатчынын кылык-жоруктары, сүйлөгөн сөздөрү мезгил алмашканда эле анын өзү менен кошо унутула баштайт. Бирок Манастын "Жалпак жөжөсү" 20 жылдан кийин да айтылат. Ал сатиралардын баарын турмуштан алчу. Аны сахнада элге күлкүлүү кылып чеберчилик менен аткарчу. Мисалы, биз сахнада бир окуяны айтып элди күлдүрсөк, эл окуяны угуп бүтүп анан күлөт. Ал эми Манастын ар бир экинчи, үчүнчү сөзүнө, кыймылына эл күлөт эле. Куудулдардын көбү сахнада интермедия эле аткарышат. Ал эми Манастын куудулдардан дагы бир өзгөчөлүгү ал сахнада жалгыз өзү күлдүрө алчу", - деп эскерет Борончу Кудайбергенов.
ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ: "МАНАС АКЕ АР КАНДАЙ КОНЦЕРТТЕРДИ КУЛЬМИНАЦИЯСЫНА ЖЕТКИРИП, САХНАНЫН КӨРКҮН ЧЫГАРЧУ"
"Мен Манас аке менен башка куудулдардай көп жүргөн жокмун. Бирок ал мага кыска убакытта устат катары көп нерселерди үйрөттү. Бир жолу сахнада жаш баланын образын аткара албай жатканымды көрүп, мага келди да "сен мектепке барып жаш балдардын жанынан алардын чочуганын, күлгөнүн, көз карашын көрүп үйрөн" деди. Мен Жалал-Абаддагы мектептердин бирине барып эшикте ойноп жаткан жаш балдардын жанында отуруп үйрөндүм. Ал кишиден үйрөнчү ушуга окшогон көп нерселер бар эле. Анын сахнадагы образы, орду бүгүн да билинет. Манас аке ар кандай концертти кульминациясына жеткирип, сахнаны көркүнө чыгарчу", - деп эскерет куудулдун бир кездеги шакирти болгон Тынар Курбаналиев.
САНЖАР БЕРДИБЕКОВ: "МЕН АТАМДЫН ЖОЛУН ТАТЫКТУУ УЛАЙ АЛБАЙ ЖАТАМ"
Ал эми Манас Бердибековдун уулу, анын жолун жолдоп чыгармачылык чыйыр жолдо келе жаткан куудул Санжар Бердибеков атасы жөнүндө жакшы пикирлерди дайыма сыймыктанып угарын айтты.
"Биз, үйдөгүлөр атамды каза болгон күнүндө, туулган күнүндө дайыма эскеребиз. Азыр атамдын чыгармачылык жолун татыктуу улай албай жатам. Бирок аракетим бар. Атамдын көп достору анын колу ачык, кичи пейил, ак көңүл, ишенчээктиги сага окшош деп айтып калышат. Мен бул сөздөрдөн улам үлгү алганга аракет кылам. Атамдын аброю менен чоң сахнага кадам таштадым. Азыр да тойго, жакшылыктарга чакырса Манас Бердибековдун уулу деп чакырышат. Менин чыгармачылык жолумда, тагдырымда атамдын аты маанилүү", - дейт Санжар Бердибеков.
Куудул, пародист Манас Бердибеков 1956-жылы 15-майда Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Ал 2001-жылы 9-сентябрда болгону 45 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салган.
9-сентябрдын жылнаамасы.