Бүгүн, 24-майда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда “Орусия – Казакстан – Кыргызстан – Тажикстан” темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.