Адахан Мадумаров: "7-8 чоң партия биригүү алдында турат"

Бүгүн, 9-сентябрда Адахан Мадумаров маалымат жыйынын уюштуруп, 4 саясатчынын биригип бир талапкер чыгаруу боюнча айтылган маалыматтар боюнча пикирин айтты. Ал учурда партиялар тарабынан дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

“Саясий күч катарында биз тараптан тактикалык жактан туура эмес маалымат кетти. Партия түзүү процесси жүрүп жатат. 7-8 чоң партиялар биригүү алдында турат. Талапкерлер боюнча бир талапкер чыгарып койсок сүйлөшүү жолу менен, башка жолдор менен айтып деп талапкерсиз калтырып коёбу деген чочулоо жүрүп жатат. 12 талапкер бир тарапта болот, ал эми калган бир талапкер бийлик тарабында болот. Биз айткан сөзүбүздөн бир аз чегинип турууга туура келүүдө. Жакынкы 3 күндүн ичинде көптөгөн өзгөрүүлөр болот. Балким, үч талапкердин ортосунан чыккан эмес башка талапкер чыгышы мүмкүн. Биздин максат шайлоодо жеңишке жетишүү”, - деди Мадумаров.

Темир Сариев менен да, Өмүрбек Бабанов менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө негизги максат - саясий баш аламандыкты токтотуу. "Кыргыз мамлекетинде катуу тартипти, президенттик жана парламенттик башкарууну орнотом" деген адам болсо, мен аны менен биригүүгө даярмын”, - деп кошумчалады Мадумаров.

Айта кетсек, быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери бириккен. Алар жаӊы партия түзүп, жарышка жалгыз талапкер чыгара турганын жарыя кылышкан эле.

Аталган партиялардын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаевди бириктирген жаӊы альянска "Кайра жаралуу" деген ат коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан