24-майда Чүй облустук администрациясында борбордук аппараттын жыйыны өтүп, анда жол коопсуздугу боюнча бир катар көйгөйлөр талкууга алынды. Жайыл районунун жетекчилиги тез аранын ичинде Кара-Балта шаарындагы жолдорго жол чырактарын орнотуп, жол белгилерин коюу зарыл экенин белгиледи. Өз кезегинде шаар мэри Данияр Шабданов 31-майда жол чырактарын орнотуу жана жол белгилерин коюу боюнча тендер болорун жарыялады. Ага 3 компаниянын катышуусу күтүлүүдө жана тендерден утуп алган компания шаардын 4 жерине жаңы жол чырактарды орнотот.