БШК президенттикке талапкерлердин төртөөсүн каттоодон баш тартты (тизме)

Бүгүн, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурумга чогулуп, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген үч талапкерди 30 миң жарандын кол тамгаларын топтобогону үчүн каттоодон баш тартты. Алар:

Канатбек Исаев жарандардан 37 633 кол тамга топтолгон баракчаларды тапшырган. Текшерүүдө 10 миӊден ашык кол жараксыз деп табылды. Мындан улам топтолгон кол тамгалар 30 миӊге жетпей калган.

Турсунбек Акун тарабынан БШКга 35 462 жарандын колу коюлган баракчалар тапшырылса, мунун ичинен 20 930 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. Жыйынтык - жарактуу кол тамгалардын саны 14 532.

Исхак Масалиев кол топтоодо каржылык эреже бузганы үчүн талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.

Камила Шаршекеева 39 481 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун ичинен 15 580 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылган. 23 901 жарандын кол тамгасы гана жарактуу.

Мыйзамга ылайык, президенттик кызматка ат салышчулар жарандардан 30 миӊден ашык кол чогултушу керек. Ага жетпегендер талапкер катары каттала алышпайт.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан