Тажикстандык кыргыздар Кыргызстандагы ЖОЖдордон бөлүнчү студенттик орундарды 2 эсеге көбөйтүүнү суранышууда

Тажикстанда жашаган кыргыздар Кыргызстандагы ЖОЖдордон жеңилдетилген шартта бош орундарды бөлүп берүүнү суранышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев бүгүн, 24-майда билдирди. Айтымында, Тажикстанда учурда 56 миңден ашуун кыргыз жашайт. Элчи ал жактын жергиликтүү шарттарына көнүп калган кыргыздардын арасында Кыргызстан менен тыгыз байланышып, каада-салт, үрп-адаттарын үйрөнүүнү каалагандар көп экендигин белгиледи. “Алар Кыргызстанда билим алууну каалашат. Мурда студенттердин мындай катмарына окуу жайлар жеңилдетилген шартта 20 орун бөлүп берчү. Негизи педагогикалык кесиптерге берилип келген. Акыркы жылдары алар экономист, агроном, инженердик кесиптерге да орун сурашууда. Буга байланыштуу жеңилдетилген окуу орундары 5 орунга көбөйдү”,- дейт Саралаев. Бирок маалыматтарга ылайык, тажик тарап мындай орундарды 2 эсе көбөйтүүнү суранууда. "Кыргызстандан билим алуу – аларга ата-бабалардан калган салт-санаалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет",- деп кошумчалады элчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан