SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө колдонуучулар кээде кеңеш сурап кайрылса, кээде жөн гана баштан өткөн же бирөөдөн уккан кызыктуу, тамашалуу, күлкүлүү окуялары менен бөлүшөт. Алардын бири "Адам ата, Обо эне" темасы.
"Бул окуянын болуп өткөнүнө көп болду. Арадан канча жылдар өтсө да мен бул окуяны эстеген сайын кадимкидей көзүмдөн жаш чыкканча ичим эзиле күлүп алам. Кээде достор менен сүйлөшүп отуруп аларга да күлүп жатып араңдан зорго айтып берчүмүн. Эмесе, силер да угуп койгула.
Ал убак Союз убагына жакын жылдар болчу. Бир күнү күйөөм экөөбүз менин төркүнүмө жигули автоунаабыз менен жөнөп калдык. Балдарыбыз да таята, таенесиникинде эле. Жайдын күнү, күн аябай эле ысык. Анын үстүнө жолдун аралыгы да үч сааттан ашык убакыт болгон үчүн биз эч шашпай машинаны жолдон токтотуп, жаратылыштын кооздугуна суктана таза абадан кере-кере дем алып, сайды бойлой агып жаткан сууга көз чаптыра карап турдук. Бир аз жөө басып булактын таза, тунук суусунан шимире ичип, жүзүбүздү чайкап, андан ары барып чоң бадалдын көлөкөсүнө эс алып отуруп калдык. Көз жоосун алган тоо боорунда өскөн жашыл арча, кайың-бадалдарга сонуркап тиктеп отуруп бир убакта күйөөм эки колун башына кайчылаштыра жаздык кылып чалкалай жашыл чөпкө жата кетти. Аны көрүп мен да ага эркелей көкүрөгүнө башымды коюп жанына кыйгачыман жаттым. Экөөбүз жатып алып сүйлөшкөнчө мен аны бир колум менен денесинен сылагылап, моюнунан жыттагылай өөп баштадым. "Болду эми, кой токтолу. Бирөө жарым кокус келип, көрүп калса уят" деди күйөөм. Мен ага болбодум. Делебем козголуп, кайра күчөй баштадым. "Кантет эми бул катын! Токтот дейм!" Күйөөм кыткылыктай күлүп мени өзүнөн ары түртүп жатты. Мен ага болбой эле "эч ким деле жок окшойт. Жүрчү, жаным, мындан да далдоо жерге баралы" дедим. Мен ордумдан турдум да күйөөмө кылыктана аны колунан тарткылап кирдим. "Шайтан баскырдын катыны десе! Ээн жерде эмне эле болуп жатасың?" Ал күлгөн бойдон ордунан турду. Мен аны колунан жетелеп алып, андан ары экөөбүз ээрчишип ичкери көздөй жөнөдүк. Бах, чиркин, Кыргыз жери кандай сонун! Биз ошондо жашыл жыттанган кооз жаратылыштын коюнунда энеден туума жылаңачтанып алып, күйөөм экөөбүз болуп көрбөгөндөй махабаттын лаззатына батпадыкпы!
Бир убакта экөөбүз тең унчукпай, көк мелжиген асманды тиктей колдорубуз кармалашып чалкабыздан ойлуу жаттык. Мээбиз сергип, биз ал учурда бейиштин төрүндө жаткансып аябай эле бактылуу элек. Анча мынча сайраган чымчыктардын гана үнү угулбаса, айлана тегеректе бизден башка эч ким жок. Ошол убакта мен бир нерсени эстеп кетип күйөөмө карадым.
- Билесиңби? Кудай биринчи Адам ата менен Обо энени жаратканда алар жылаңач бойдон эле бейиште жүрүшчү экен дедим.
- Экөөбүзгө окшоппу? Ал күлдү.
- Ооба дедим мен ага.
- Бирок алар Кудайдын жебегиле деген бир гана мөмөсүн жеп алышып, ошондон улам бейиштен куулуп чыгышкан экен.
- Аларды шайтан азгырган да?
- Ооба, шайтан жыланга кубулуп келип, биринчи Еваны азгырган экен. Ага аял кишини азгыруу оңой болсо керек да. Анан Ева болбой жатып Адам атаны да азгырып, анан ал экөө ошентип мөмөнү жеп алышкан экен.
- Койчу, экөө бирдей эле азгырылса керек?
- Жок, биринчи Ева азгырылган. Так эле азыркы биз, экөөбүзгө окшоп, сен мени азгырган сыяктуу деди күйөөм, мага карап күлүп.
- Мм, ошондой де? Мен эмне, сени азгырып жаман болдубу?" Мен ага эркелей тигилдим да, "азгырыш элеби, мына сага" деп, күйөөмдү ошол жерден болбой эле кытыгылап, аймалап тийишип качтым. Ал күлгөн бойдон ордунан тура калып, биз экөөбүз куушуп ойноп кеттик.
Мен анда жаңы эле отуз жашка келгем. Күйөөм менден эки жашка улуу. Ошентип экөөбүз Адам ата менен Обо энени туурап кол кармаша жетелешип бадалда өскөн кызыл мөмөдөн жеп, анысы аз келгенсип түстүү гүлдөрдөн терип, мен аны чамбар кылып токуп, өзүмө да, күйөөмө да башына кийгизип койдум. Экөөбүз кобурашып сүйлөшүп эч нерсе менен ишибиз жок. Чындап эле биз ошол учурда чыныгы бейиште гана жүргөнсүдүк. А чын чынына келгенде күйөөмдүн "кой, болду эми, токтотолу" деген сөзүнө да карабай аны мен азгырдым окшойт. Биз кайчы жерде жүргөнүбүздү унутуп коюп, өзүбүз менен өзүбүз болуп жүрүп, бир убакта күйөөм мени кучактай өпкүлөп калды. Ошентип экөөбүз жапыз өскөн бадалдын түбүндө дагы кумарга бата баштадык. Анан эле эмне болуп кетти билбейм. Күйөөмдүн бышылдаган үнүнөн тышкары биздин жаныбызда дагы бирөө жүргөндөй бадалдын бир жак капталы катуу кыймылдап кетти. Коркуп кетип башыбызды көтөрүп карай салсак, "гүүш-ш" деп эле, мурдунан демин чыгарган бир чоң кара бука көздөрүн алайтып, бизди тикчие таң калып тиктеп турган экен. Ордубуздан кандай атып турганыбызды да билбей калдык. Ал да бизди көрүп чочуп кеттиби же кандай экенин билбейм. Айтор сүзөнөөк бука окшойт, бизди сүзөм деп качырып калды. Аны көрүп күйөөм экөөбүз эки жакка дыргаяктап качып жөнөдүк. Мен бакырып кыйкырып эмчектеримди далактатып качып баратам. Күйөөм бир жакта "уятын" бир колу менен жаап алып качып жүрөт. Бир убакта карасам ары жакта ондон ашык уйду айдап жүргөн бир боз бала аттын үстүндө эси ооп эле көздөрүн чоң ачып, бизди тиктеген бойдон оозу ачылып карап турат. Ал биздин кайдан пайда болуп чыга калганыбызга түшүнбөй, көргөн көзүнө ишенбей нес боло катып калган экен. Аны көрүп мен ага чыңыра "Ай, бала, айда малыңды! Эсиң ооп эмне отурасың?!" деп кыйкырганымда гана ал өзүнө келди окшойт. Ал шашкалактай ошол замат атын камчылап теминип калды. Ошол учурда бука күйөөмдүн артынан гана тызылдата кууп бараткан экен. Байкуш күйөөмдүн ошондогу буканын алдына түшүп алып, делдектеп качып баратканы али күнгө чейин көз алдымдан кетпейт. Бадачы бала аларды көздөй атын чаап барып, буканын жолун торой кайтарып калды. Мен да эми эсиме келдим окшойт, нарыда турган бадалдын артына барып өзүмдү далдоолоп туруп калдым.
Ошентип күйөөм экөөбүз да так эле Адам ата менен Обо энеге окшоп, азыр эле бейиштин төрүндө жүргөн жерибизден бирөө кубалагандай шашып-бушуп кийимдерибизди таап кийип, ал жерден жөнөп, чыгып кеттик. Колумдан жетелеп бараткан күйөөм мага өзүнчө сүйлөнүп да алды. Мен унчукпай эле күнөөлүү кишидей анын жетегинде бараттым. Биз ошону менен эле калып калбастан сууну бойлой басып келип ыңгайлуу жерден сууга чөмүлдүк. Мен кетпейбиз деп чыктым. Ошондо күйөөм мени колумдан булкулдата жетелеп келип унаага отургузду да, "эми шайтандабай жөн отурарсың, өзүнчө мага Обо эне болбой" деп какшыктай сүйлөп, эшикти тарс эттире жаап салды. Жолдо экөөбүз тең үн-сөзсүз бир топ жерге чейин унчукпай келе жаттык. Бир маалда экөөбүз ичибиз эзилгенче бири-бирибиздин кантип букадан качып бара жатканыбызды айтып алып көзүбүздөн жаш чыкканча күлдүк.
Эки тарабы жапжашыл болгон эки тоонун ортосундагы узун кеткен асфальт жолдо биздин унаа күлкүгө жаңырып зымыраган бойдон баратты. Биз бул окуяны кийин да көпкө чейин эстеп, каткыра күлүп жүрдүк. Күйөөм мени ошол окуядан кийин "Менин Евам" деп эркелетчү болду. Анан да биз ошол жолдон өткөн сайын ал мага тийишип "эмне кылабыз, унааны ушул жерден токтотоюнбу" деп мага карап табышмактуу күлүп калат".
Окуя тууралуу пикириңизди калтыргыңыз келсе, бул жакка кириңиз.