Москва шаарынын түштүк жагында Ауди А8 үлгүсүндөгү унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгын жана ал Кыргыз жараны экендигин ушул жылдын 5-сентябрында "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыккан.
"1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Ауди А8 унаасынын ачык калган эшиктеринен эркек кишинин жансыз денесин көргөн жашоочулар полицияга кабар беришкен. Полициянын айтымында, маркумдун төшүндө жана белинде кескиленген жаракаттары болгон. Иликтөө иштери маркумдун 37 жашта экендигин жана ал Орусияга Кыргыз өлкөсүнөн келгенин аныктаган", - деп жазылган маалыматта.
Бул боюнча Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдирүү жасады. Элчиликтин маалыматына ылайык, аталган факт боюнча элчиликтин кызматкери Москва шаарынын Чертанов райондор аралык тергөө бөлүмүнө белгиленген ишти иликтөө максатында барган.
"Чертанов райондор аралык тергөө бөлүмүнүн расмий кат түрүндө жазылган билдирүүсүндө бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, каза болгон жарандын инсандыгы аныкталган, ал 1980-жылы туулган Азербайжан Республикасынын жараны болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.