Москва шаарынын түштүк жагында Ауди А8 үлгүсүндөгү унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу полицияга жолдо өтүп бара жатып көрүп калгандар кабарлаганын бүгүн, 5-сентябрда "Комсомольская правда" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Ауди А8 унаасынын ачык калган эшиктеринен эркек кишинин жансыз денесин көргөн жашоочулар полицияга кабар беришкен. Полициянын айтымында, маркумдун төшүндө жана белинде кескиленген жаракаттары болгон.
Иликтөө иштери маркумдун 37 жашта экендигин жана ал Орусияга Кыргыз өлкөсүнөн келгенин аныктаган.
"Каза болгон адам Орусиянын борборуна 2 ай мурун келген, Орусиянын аймагында убактылуу жүргөндүгү тууралуу документтерди даярдаган эмес. Ошондой эле анын бул шаарда иштебегендиги белгилүү болду. Ал тааныштарына конокко келген деген божомолдор бар. Аны өлтүрүүгө эмне себеп болгондугу иликтенүүдө. "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат полициянын маалыматында.
Азыркы учурда кырсыкты иликтөө иштери жүргүзүлүп, маркум жөнүндө маалыматтар такталып, кылмышка катышкандарды табуу иштери жүрүүдө. Бул үчүн соттук экспертизалар дайындалгандыгын Москва шаардык тергөө комитети билдирген.