Түндүк Корея жаӊы санкциялары үчүн АКШ катуу жапа чегерин эскертти

АКШнын Түндүк Кореяга каршы санкцияларынын жыйынтыгы АКШга оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө айтылат.

"Түндүк Кореянын өз алдынчалыгын толук жок кылуу максатындагы АКШнын санкциялары жана басымдары өтө чектен ашкан фазага жетти. Өлкө АКШнын аракеттерине дыкаттык менен көз салууда. Түндүк Корея катаал чаралардын бардык формасын колдонууга даяр. Болочокто көрүлчү чаралар АКШ өз тарыхында башынан өткөрбөгөн оор кесепетти жана жапа чегүүнү алып келет. Түндүк Корея катаал чараларды колдонуу менен кантип америкалык кылмышкерлерди тынчытканына дүйнө күбө болот", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Маалыматты бир катар чет элдик ММКлар жазышты.

АКШ дүйшөмбүдө Түндүк Кореяга каршы санкциялар боюнча резолюциянын долбоорун Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеӊешине добуш берүүгө киргизери күтүлүүдө. Резолюциянын долбоорунда Түндүк Кореяга мунай жаатында, өлкө жарандарын башка мамлекеттерде жумушка орноштурууга чектөөлөрдү киргизүү, президент Ким Чен Ындын жана өкмөт мүчөлөрүнүн активдерин "тоӊдуруу" жана башка чаралардын топтому каралган.

Ким Чен Ын жана анын жакындарынын бир катар өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салуу нормасы да каралганы айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан