ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: Нью-Йорктогу Пентагон жана Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна чабуул жасалып, 3 миңдей адамдын өмүрү кыйылган

2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын Нью-Йорк шаарында “Аль-Каида” экстремисттик уюму Бүткүл дүйнөлүк соода борборун жана Коргоо министрлигинин имаратын талкалап, 2977 киши каза болуп, 24 киши дайынсыз жоголгон. Бул күнү эртең менен террористтик 4 топ жүргүнчү ташыган 4 учакты туткундап алган. Террористтер 2 учакты Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун мунарасына багытташкан. 3-учак Вашингтонго жакын жайгашкан Пентагондун имаратын көздөй жөнөтүлгөн. Ал эми 4-учак террористтердин учагынын башкаруусун колго алуу аракетин көрүп жатып ээн талаага кулаган.

Анын кесепетинен 19 террорист өзүнө кошуп 2977 адамдын өмүрүн алып кеткен. Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун эки капталындагы 2 мунараны учак жарып кирген учурда 1366 адам каза болгон. Алардын көбү учактын мунарага кулаган кезинде көз жумса, айрымдары уранды менен күйүктөн алган жаракатынан көз жумган.

Өзгөчө кырдаал болгондон көп өтпөй дүйнөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттары теракттын башында Усама бен Ладен турат деген божомолду жаза башташкан. Жардыруудан бир нече саат өткөндөн кийин Федералдык иликтөө бюросу терактка шектелген жарандардын аты-жөнүн жарыялаган. 2002-жылы Америка өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия өздөрүнүн отчётунда терактты "Аль-Каида" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү ойлоп, ишке ашырганын окушкан. Анда бул терактты ишке ашырууга 400 миңден 500 миң долларга чейин акча каражаты сарпталгандыгы белгиленген.

11-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ALATOOLUK.JIGIT
2017-09-11 20:13:55
Жалган,Саддам Хусейн чыныгы мусулман.
+3
Shekeev969798
2017-09-12 02:45:30
ALATOOLUK.JIGIT, нефтешик Саддам Хусейин жонундо соз болуп атабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан