Сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 5 күн аралыгында 10 медаль жеңип алышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында 6-12-сентябрь аралыгында өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 10 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн сууда сүзүү федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдештин 3-күнү Кыргыз спортчулары 4 медаль жеңип алышкан. Анда юниорлор арасында Денис Петрашов брасс стилинде 50 метр аралыкка жарышып алтын медалды жеңип алган. Владислав Шулико баттерфляй стилинде 100 метр аралыкка жарышып 56,01 секунд жыйынтыгы менен күмүш медалга ээ болгон. Азиз Сансызбаев баттерфляй стилинде 100 метр аралыкта жарышып коло медалын жеңип алды. Елизавета Рогожникова кыздар арасында кичүү курактык топто жарышып коло медаль ээледи.

3-күндүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз курама командасынын капчыгында 10 медаль бар. Анын ичинен экөө алтын, 4 күмүш жана 4 коло медалдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-09-11 11:26:36
Азаматтар Алга!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан