Президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев талапкер Сооронбай Жээнбековду колдойт деген маалымат тарады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүүлөргө таянсак, "Ата Журт" партиясы Ташиев "өлкөдө туруктуулукту сактоо, элди бөлүп-жарууга жол бербөө үчүн" бийликтин талапкери менен сүйлөшүүгө барганын ырастоодо. Бирок расмий билдирүү жасала элек.
SUPER.KG порталы 11-сентябрда Ташиевдин өзү менен байланышып "сизди шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдойт, аны менен биригет деген маалымат тарады. Чынбы" деген суроо узатты. Азыркы учурда Жалал-Абадда жүргөнүн айткан Ташиев: "Жакында бардык суроолорго жооп берүү үчүн маалымат жыйын өткөрөм. Жоопту ошондо айтам", - деген жооп кайтарды.
Буга чейин Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев биригип, президенттик шайлоого жалгыз талапкер чыгара турганын жарыялаган эле. 9-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "Ташиев кандай тандоо жасаса да, анын тандоосун сыйлоо керектигин" айтты.