Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турган болушту

"Кайра жаралуу" партиясынын бүгүн, 11-сентябрга дайындалган алгачкы курултайы болбой калды. Улуттук филармонияда бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын съезди өтөрүн жана анын алкагында "Кайра жаралуунун" курултайы эмне себептен болбой калганын кабарлайбыз деп президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабынан "24.kg" маалымат агенттигине кабарлашкан.

Эскерте кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев төртөө шайлоого биригип бара турганы тууралуу келишимге кол коюп, жаңы саясий бирикме түзүшөрү жөнүндө маалымдалган. Бирок эмнегедир аталган 4 саясатчы бир пикирге келе алышкан эмес өңдүү.

Маалымат агенттиги алар тууралуу бүгүн "Жаңы партиянын өкүлдөрү бир пикирге бириге алышкан жок. Белгилүү болгондой, алардын арасынан Камчыбек Ташиев КСДПдан талапкер катары көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдирип чыкты. Ага кошулуп, 4 саясатчынын арасынан Ахматбек Келдибеков да Жээнбековду колдой турганын билдирди" деп жазып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан