“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров өкмөткө кыска мөөнөттөгү насыяларды албоо керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-сентябрда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Ал кийин Кыргыз элине насыяны төлөө кыйын боло турганын белгилеп, Каржы министрлигин сындады.
“Акыркы мезгилде насыялар 15 жылга чейинки мөөнөт менен алына баштады. Аны төлөй турган убак тез эле келип калат. Өз маалында төлөй албайсыӊар. Насыяны 20 жылдан аз мөөнөткө албаш керек. Ошондой эле насыянын пайыздык үстөгүнө көңүл буруу зарыл”, - деди.
Жыйында 4 шаарды таза суу менен камсыз кылуу мыйзам долбоору каралды. Анда насыялык макулдашуулар 15 жана 25 жылдык төлөө мөөнөтү белгиленген. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорду колдошту. Буга чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети дагы жактырган.