Кечээ, 10-сентябрда АКШда “Америка сулуусу-2018” сынагы болуп өттү. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, 51 катышуучунун ичинен Гран-приге Түндүк Дакота штатынын 23 жаштагы Кара Мунд аттуу сулуусу ээ болгон. Сулууга таажыны “Америка сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Сэвви Шилдс ыйгарган. Ал эми калыстар тобунда ырчы Жордин Спаркс, актриса Молли Симс жана башкалар болгон.
Кара Мунд аталган штаттан жеңишке жетишкен алгачкы сулуу. Буга чейин түндүк дакоталыктар Гран-приге эмес, алдынкы бештикке да кире алышчу эмес. Мындан улам ал өтө толкунданып, сүйүнгөнүнөн көпкө чейин кыйкыра берген. Кыздын бул эмоциясы чагылдырылган сүрөттөр дароо эле интернет айдыңына тарап, ар түрдүү сын-пикирлерге жем таштаган. Белгилүү болгондой, жеңиши үчүн ага 50 миң доллар ыйгарылып, андан сырткары “Америка сулуусу-2018” титулу менен Американы кыдырып келүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Айта кетсек, АКШда сулуулар сынагы 1 жылга алдыга эсептелгендиктен, аталышы келе жаткан жыл менен белгиленет. "Америка сулуусу" сынагы - 1921-жылдан бери Атлантик-Сити шаарында өткөрүлүп келет. Сынактын биринчи жеңүүчүсү катары Маргарет Горман табылып, ага өзгөчө таажы ыйгарылган.