Адахан Мадумаров: "Төртилтик ишин токтотту, анткени бир талапкер бийликти колдоп кетти"

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 11-сентябрда төрт илтиктин тарашы боюнча SUPER.KG'ге комментарий берди. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери "Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлерин 100 пайыз өз алдынча иш жүргүзө албасын айтат.

"Төртилтиктин бир талапкер чыгаруу аракети токтобошу керек эле, тилекке каршы, токтоду. Себеп - бир талапкердин башка жакка өтүп кеткени. Мага биригүүнүн башында эле "биримдик бекем болоруна кепилдик бере аласызбы" деген суроо беришкен. Ошондо айткам азыркы кырдаалда кепилдик берүү кыйын. Кудайдан башка эч ким кепилдик бере албайт. Себеби бизде эч кимди карабай өз алдынча иш жүргүзө алган 4-5 эле саясатчы бар, калгандарынын баары кайсы бир деӊгээлде бийликтен көз каранды", - деди Мадумаров.

Шайлоого карата үгүттүн башталышы жарыш кандай болорун ачыктаганын белгилейт.

"Көчөгө илинген жарнактарды карагыла. Идеялардын, программалардын жарышы эмес, көрнөк-жарнактардын жарышы болууда. Кочкордогу окуяны (баннерлерди жыртуу) көрүп зээним кейиди, ушунчалык деӊгээлге түштүкпү. Кара-Кулжадагы окуя жүрөгүмдү оорутту. Дарыяны Жээнбековдор агызып жатыптыр. Кудайдын суусу бизге чейин да аккан, Жараткан токтотуп коймоюнча бизден кийин да ага берет. Астанада президенттердин катышуусунда абдан маанилүү жыйын өттү, бизден барган жок. Министрдин орун басарын жибериптир. Бул деген Кыргыз мамлекети эл аралык аренада жок дегендин белгиси да. Мамлекет жок болуп кетүү коркунучунда", - дейт "Бүтүн Кыргызстандын" лидери.

Мадумаровдун талапкер катары кийинки кадамдары кандай болот?

"Мен 2 айдан бери какшап келе жатам, 12 талапкер бир тарап, бийликтин талапкери бир тарап болушу керек. Өлкөдө бүгүнкү баш аламандыкты токтотом деген азамат болсо, амбицияны артка таштап биригүүгө даярмын", - дейт президенттикке талапкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан