Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Сочиге иш сапары менен барганы жатат

Президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Сочи шаарына иш сапары менен барууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын жетекчиси Алмазбек Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, иш сапар алкагында Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Эске салсак, Атамбаев быйыл 19-июнда Орусияга мамлекеттик иш сапары менен барып, Путин менен жолугушкан. Анда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан