"Кечээ, 10-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Сувон шаарында чет элдиктер менен биргелешкен "Бирге болуу" фестивалы болуп өттү. Фестивалга Түштүк Кореяда жашап эмгектенип, билим алып жүргөн чет өлкөнүн жарандары катышты. Аталган фестивалга Кыргыз өлкөсүнөн барган мекендештерибиз да катышып, 2-орунду багындырышты", - дейт окурман.
"Өткөн жылы да дал ушундай фестивалда кыргыздар 1-орунду жеңип алышкан болчу. Мындан улам Түштүк Кореяда жашап иштеп жүргөн элибиз да маданиятыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп жатат десек болот. Бул жакта иштеп жүргөн мекендешибиз Медербек Жолдошов аттуу жаран Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи" ырын ырдап келген коноктордун көңүлүн ачты. Фестиваль өткөн аянтчага жакын жашаган кыргыздар кыргызча ырды угуп калышып, көчөгө чуркап чыккандарын айтышты. Алар чет жерде кыргызча ырдын жаңырышы аябай таң калычтуу жана жагымдуу болду дешип, маданий иш-чарага күбө болуп турушту", - деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.