Чүй ОИИББи: "Генерал Чотбаевдин унаасы менен сүзүшкөн айдоочу уктап кеткенин айтып көрсөтмө берүүдө"

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев."Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев катышкан автокырсыкта каза болгон 2 жарандын өлүмүнө ким күнөөлүү экени азырынча аныктала элек. Бирок унаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочу алдын ала иликтөө иштеринин негизинде рулда бара жатып уктап кеткем деп көрсөтмө берүүдө".

Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында айдоочу рулда бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен дагы Чотбаев бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу азырынча кырсыктан каза тапкандардын өлүмүнө күнөөлүү ким экени толук аныктала элек.

Эскерте кетсек, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев 2-сентябрда жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгы Бишкек-Токмок трассасынын 35-чакырымында болуп, Чотбаев башкарып бараткан автоунаа каршы тилкедеги автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан улам генерал-полковниктин колу сынган. Ал эми экинчи автоунаадан 2 адам каза тапкан.

Маалымат үчүн: Абдыгул Чотбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи кол башчысы. Ооган согушунун ардагери. Өлкөнүн Куралдуу күчтөр тармагында көп жыл кызмат өтөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maks94.kb
2017-09-12 11:01:41
Карга карганын көзүн чукубайт
+3
nurbekasr
2017-09-12 11:05:11
Генерал Чотбаев каршы тилкеге өзү чыгып кетиптир деп айтып жазышты эле го.Эми бир бечаранын моюнуна илдирет экен да курулай доомат кылып.Ай ушундай пейилиңер жакбайт да чындыкты айтышбай.
+12
Hadyja
2017-09-12 18:33:04
nurbekasr,Кыргызда бийлике жетсен,баардыгын буруп койсон болот.Законубуз,кызматкерлерибиз уйга окшош кайда айдасан ошол жака басат.
Генерал болгону учун,каршы тилекеге отпогонду отту дейт.Генерал уктаса,байкуш тиги айдоочуну уктады дейт.
Жинин келген бобнча кала бересин
+1
bars_wire
2017-09-12 11:34:54
Шоферго акча берип элге мен куноолумун дедиртип жаткандайго сыягы.Генерал чинин булгагысы келбей.пенденин тагдыры менен ойноп.
+6
kushtari
2017-09-12 11:44:52
bars_wire,акча берсего жакшы дечи коркутуп эле жатканго
+5
dosym
2017-09-12 11:53:51
Сүрөттө дале көрүнүп турбайбы, ким каршы тилкеге чыгып кеткени
+3
jbolotov
2017-09-12 12:38:50
Эми каза болгон машина каршы тилкеге чыккан болуп калдыбы же Генералдын айдоочусу уктап кетип каршы тилкеге чыгып кеткенби? Же Чотбаев озу рульда болгонбу? Закон жонокой эл учун эле болуп калдыго.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан