Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев автокырсыкка кабылды, абалы орто

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев автокырсыкка кабылды. Бул тууралуу 2-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн Бишкек-Токмок трассасынын 35-чакырымында болуп, Чотбаев башкарып бараткан автоунаа каршы тилкедеги автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсык тууралуу Патрулдук милицияга саат 17:30 чамасында маалымат түшкөн.

Генерал-полковниктин колу сынган, абалы орто деп кабарланды. Ал эми экинчи автоунаадан 2 адам каза тапкан. Жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти.

Кырсык боюнча териштирүү башталды.

Абдыгул Чотбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи кол башчысы. Ооган согушунун ардагери. Өлкөнүн Куралдуу күчтөр тармагында көп жыл кызмат өтөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Syn4y
2017-09-02 21:31:18
Ооганчылар эреже сакташпайт окшойт. Кечээ да бирөөсү авария болду эле го
+3
KUBI
2017-09-02 21:48:47
Абдыгул байкемдин куноосу жок болуш керек.
-5
taalay25
2017-09-03 00:49:41
KUBI,каршы тилкелеги унааны сузуп деп турат го.эки адам каза болуп атат
+7
Midub
2017-09-02 22:05:18
Мамлекет учун эн жакшы кызмат кылган ушулар.
-3
Elif2015
2017-09-03 00:53:28
Көзүм менен көрбөгөндөн кийин бир нерсе жазуу кыйын Мен үчүн!!!
+6
Alinur96kg
2017-09-03 02:36:23
Кимиси кимдин каршысына чыкканын да жазып койсо болмок экен.
+4
jbolotov
2017-09-03 10:09:48
Эми эмне болот? Каршы тилкеде баратса , эки адам каза болсо камалабы же куноо каза болгондор болуп чыгабы?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан