Бүгүн, 11-сентябрда диктор Мирзат Муканов менен алып баруучу Айзуура Иманалиева уулдуу болушту. Бул тууралуу Мирзат Муканов өзү SUPER.KG'ге сүйүнчүлөдү.
"Бүгүн жубайым уул төрөп, сүйүнүчүм коюнума батпай турат. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Биздин үй-бүлөнүн салты боюнча биринчи балага чоң атасы ысым ыйгарат. Андыктан азырынча кандай ысым коюлары белгисиз. Учурда жакындарымдын баарына сүйүнчүлөп жатам, маанайым абдан сонун", - дейт кубанган ата.
Белгилей кетсек, Айзуура Иманалиева белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын кызы. Ал буга чейин "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу" сынагына катышып, "Сымбаттуу сулуу" наамына татыган.