БУУнун Коопсуздук кеӊеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөттү

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеӊеши Түндүк Кореяга каршы жаӊы санкцияларды киргизүү жөнүндө резолюцияны кабыл алды. Чечимди кеӊештин мүчөлөрү бир добуштан колдогонун 12-сентябрда чет элдик ММКлар жазышты.

Жаӊы санкцияларга ылайык, Түндүк Кореяга мунай продукцияларын жеткирүүгө чектөө киргизилет. Ошондой эле чийки мунайды жеткирүүгө да лимит коюлат, тагыраагы, Түндүк Кореяга ташылган мунайдын көлөмү соӊку 12 айдагы көрсөткүчтөн ашпасын деген чектөө кириши күтүлөт. Башка да чектөөлөр каралган. Резолюцияда Түндүк Кореяга байланышкан кризисти чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жандантуу зарылдыгы да белгиленет.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли: "Жаӊы санкциялар бизге ырахат тартуулабайт. Биз согуш издебейбиз. Эгерде Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасын токтотууга көнсө, алардын мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде Пхеньян өзүнүн коркунучтуу аракеттерин уланта берчү болсо, биз басымды дагы улантабыз. Тандоо аларда", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин жаӊы санкциялар менен Түндүк Кореяны токтотуу мүмкүн эместигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан