Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитетине депутаттар чогулбай жыйын өтпөй калды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитетине депутаттар чогулбай жыйын өтпөй калды. Комитеттин курамында жалпы 19 депутат бар. Жыйынга 6 депутат катышты. Кворум болуу үчүн комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышуусу керек. Комитеттин төрайымынын орун басары Дамирбек Асылбек уулу дагы бир нече убакыт депутаттарды күтүп турууну сунуштады. Бирок депутаттар чогулбай, жыйында каралчу маселелер кийинки жумада каралмай болду.

Күн тартипке 7 маселе киргизилген. Анда “Нотариат жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан