Депутаттар Бишкек-Ош каттамынын билет баасы Бишкек-Москвадан айырмасы жоктугун айтып нааразы болушту

Депутаттар өлкөдөгү ички аба каттамдардын билет баасы кымбат болгонуна нааразы болушту. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде бүгүн, 12-сентябрда “Бир Бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов бул боюнча чара көрүү керек экенин айтты.

“Орозо, Курман айт күндөрү Бишкек-Ош каттамынын билет баасы 6 миң сомго чейин жогорулайт. Билетти бир ай мурун сатып алганда арзан болот экен. Билеттин баасы 999 сом болот деп жарнамалар илинген. Мисалы, Бишкектен Москвага баруу үчүн 6 миң сом, айырма болуш керек да. Ички аба каттамдардын баасы жогору болуп жатат. Ошондой эле коопсуздук маселеси жөнүндө айтсам. Жогорку Кеңештин төрагасы менен иш сапарга барганда анын жан сакчысы жанына отурбай калды. Себеби алдынкы орундар кымбатка сатылып кетиптир. Бул боюнча өкмөткө тапшырмаларды берип, изилдеп чыгуу керек. Мурда учпай калсаң билеттин баасынан 25 пайызын кармап калып, акчаны кайтарып беришчү. Азыр андай жок”, - деди ал.

Ошондой эле депутат “Эйр Манас” авиакомпаниясы 1 литр сууну 140 сомго сатып жатканын айтты. “Жарым литр сууну 70 сомго сатышат экен. Ал эми стакан менен дары ичкенге суу сатышпайт. Бүгүнкү күндө бензиндин баасы 42 сом болуп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт?” - деди ал.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бул маселени карап чыгуу керек экенин айтышты.

Транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева бул маселе боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте жумушчу топ түзүлгөнүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан