Кубанычбек Кулматов: “Адистигим боюнча тарыхчымын. Улуттук банкты жетектей алам”

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы кызматын аркалап кетүүгө билимиңиз, тажрыйбаңыз жетеби?” - деп сурады 12-сентябрда парламент комитетинин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаева аталган кызматка талапкер Кубанычбек Кулматовдон.

Кулматов адистиги боюнча тарыхчы экенин билдирди. “Педагогикалык иш тажрыйбам 1 жыл эле. Мен көбүнчө бизнес жаатында жана мамлекеттик кызматта иштегем. Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери каржы тармагында Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунда эмгектенип келе жатам. Ошондуктан Улуттук банктын төрагасы кызматынын милдеттерин аткара алам ”, - деди Кулматов.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет Улуттук банктын жетекчиси кызматына Кулматовдун талапкерлигин жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан