Нарын. 25-май - Акыркы коңгуроо аземине акча чогулткан мектеп жетекчилиги жоопко тартылат

Нарын шаарында 25-май - Акыркы коңгуроо аземин жана бүтүрүү кечесин өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Шаар мэри Баатырбек Жээналиев жыйында шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырма берди.  

Ошону менен бирге окуучулардан мыйзамсыз акча чогултууга, сый тамак уюштурууга жол берген жетекчилерге административдик чара колдонуларын эскертип, окуучулар арасында тартип маселесине өзгөчө көңүл буруу керек экендигин белгиледи. Эске салсак, Нарын шаарынын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо аземи 2013-жылдын 25-майында саат 10:00 өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан