Түндүк Корея Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеӊешинин бардык жаӊы санкцияларын четке какты. Бул тууралуу 13-сентябрда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө айтылат.
"Пхеньян ракеталык учуруулар эл аралык коомчулукка коркунуч жаратары айтылган БУУнун Коопсуздук кеӊешинин мыйзамсыз санкцияларына макул эмес. Бул документ менен бизди өзүн өзү коргоо укугубуздан ажыратты. Бул Түндүк Корея бүтүндүгүн камсыздоо үчүн күчүн бекемдөөгө тезирээк кубаттуу импульс түзүшү керек дегенди билдирет", - деп маалымдайт ТИМ.
Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеӊеши 11-сентябрда Түндүк Кореяга каршы жаӊы санкцияларды киргизүү жөнүндө резолюцияны кабыл алган. Жаӊы санкцияларга ылайык, Түндүк Кореяга мунай продукцияларын жеткирүүгө чектөө киргизилет. Ошондой эле чийки мунайды жеткирүүгө да лимит коюлат, тагыраагы, Түндүк Кореяга ташылган мунайдын көлөмү соӊку 12 айдагы көрсөткүчтөн ашпасын деген чектөө кириши күтүлөт. Башка да чектөөлөр каралган.
Эскерте кетсек, 3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчтөрү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат.