Август, 15-сентябрь, 18-сентябрь, эми 19-сентябрь... ГЭС кура турган "Liglass" компаниясынын 37 миллион долларды төлөө мөөнөтү улам артка жылууда

Ушул жылдын 10-июлунда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, чех компаниясы 30 банктык күн (болжол менен 50 календарлык күн) ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле.

Президент Алмазбек Атамбаев "Liglass" 2017-жылдын августунун аягына чейин 37 миллион долларды төлөшү керектигин, антпесе өкмөт келишимди бузарын айткан.

Ал эми Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда ММКлардын бирине берген маегинде "Liglass" убадалаган 37 миллион долларды 15-сентябрга чейин төлөшү керектигин айткан эле. "Эгер бул суммадагы каражат которулбаса, кыргыз тарап келишимди жокко чыгарууга укуктуу. Банктык 30 күн - 15-сентябрда аяктайт", - деген Исаков.

11-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 37 миллион доллар 18-сентябрга чейин төлөнүшү керектигин баса белгилеген. Бүгүн, 13-сентябрь, чех компаниясы аталган сумманы которо элек. Ал эми Кыргыз тарап акча төлөнүшү керек болгон мөөнөттү улам артка жылдырып жатканы суроо жаратат.

Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети бүгүн, 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирди. Комитет ГЭС куруу боюнча өкмөт менен чех компаниясынын ортосунда келишимге 10-июлда ал эми Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы менен "Электр станциялары" ишканасынын ортосундагы инвестициялык макулдашууга 4-августта кол коюлганын билдирип, "макулдашуу күчүнө кирген убакыт 4-август деп эсептелет. Жогоруда аталгандарды жана 31-август, 1-сентябрь майрам күндөрүн эске алганда 37 миллион долларды которуу мөөнөтү 2017-жылдын 19-сентябрында аяктайт" деп маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан