3 аптадан соң Жогорку Нарын ГЭС каскадынын пайдубалы түптөлүп баштайт

3 аптадан соң Жогорку Нарын ГЭС каскадынын пайдубалын түптөө иштери башталат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 24-майда Ысык-Көлдө өткөн КМШнын Энергетика кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негизи даяр. “Эми аны талкуулап, бекитүү керек. Долбоордун баасын азырынча айта албайбыз, анткени макулдаша турган айрым бөлүктөрү бар”,- деди министр. Эске салсак, кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосундагы Жогорку Нарын каскадын куруу жана ишке берүү жөнүндө келишимге 2012-жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкек шаарында болгон атайын иш сапарында кол коюлган. Маалыматка ылайык, аталган каскад саатына орто эсеп менен 1 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан