Депутат Рыспаев "самолёт", "телевизор", "радио" деген сөздөрдү кыргызчага которуунун кереги жок" дейт

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев министрликтерде иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылбай жатканын сындады.

Анын айтымында, өкмөттүн өзүндө иш кагаздар кыргыз тилинде жүрүп жатат, бирок министрликтерде андай эмес.

Ошону менен катар эле Рыспаев “самолёт”, “телевизор”, “радио” деген сөздөрдү которуунун кереги жок экенине токтолду. Мындай сөздөрдү которуп тилди сындырбоого чакырды.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев гуманитардык илимдер боюнча кандидаттык диссертациялар орус тилинде жакталып жатканын билдирди. Ал кыргыз тили илимдин тилине айлантмайын өнүкпөй турганын белгиледи. Иманалиев мамлекеттик тилди компьютерлештирүү максатында мобилдик телефондорго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча программаларды киргизүү керек экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан