Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртастын жубайы делген Жылдыз Абдукаримова интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына балдарынын сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.
Кайраттын жеке жашоосу буга чейин коомчулукка ачыкталбай келген болсо, эми бул баракчада Абдукаримованын атынан жазылган посттор менен сүрөттөр ачык эле жарыялана баштады. Баракча жакында эле ачылгандыгына карабастан ага 24 миң колдонуучу жазылып, айрымдары ага Жылдыздын тиешеси жок экендигин, башка адам тарабынан ачылган фейк баракча болушу мүмкүн деген пикирлерин калтырууда.
Казакстандын маалымат каражаттары жазгандай, баракчага үй-бүлөнүн 4 баласынын сүрөттөрү жарыяланган. Кайрат менен Жылдыздын ортосунда Сезим, Алау аттуу кыздары жана Нарул, Хан аттуу эгиз уулдары бар.
Сүрөттөр жарыяланган соң ырчынын күйөрмандары Кайраттын балдары сулуу жана ырчынын өзүнө окшош экендигин жазышып, көптөгөн каалоо-тилектери менен билдирүүлөрдү калтырышкан. Кээ бир күйөрмандары ырчы эмне себептен мындай келишимдүү, өзүнө окшош балдарынын сүрөттөрүн жарыялабагандыгына кызыгышкан.
Жылдыз Абдукаримованын атынан Кайрат менен кошо түшкөн сүрөттөрдүн ачык жарыялана баштагандыгы да талкуу жараткан. Көптөгөн интернет колдонуучулар Жылдыздын чыдамкайлыгына жана бул убакытка чейин бир да жолу эл алдына үй-бүлөсү тууралуу маалымат бербегендигине таңданып жатканын билдиришкен.
Буга чейин Кайрат өзү интернеттеги социалдык баракчаларына үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жүктөгөн эмес. Иш-чараларга ырчы дайыма өзү жалгыз гана барарын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ырчынын айтымында, ал өзүнүн жеке жашоосун жарыялаганды жактыра бербейт жана анын популярдуулугу үй-бүлөсүнө терс таасирин тийгизүүсүн каалабайт.
Буга чейин маалымдалгандай, ырчынын жубайы делген Жылдыз Абдукаримова 29 жашта, балдарын тарбиялагандан тышкары фотосессияларга катышып турат. Ал эл алдына көп чыкпаганы менен, казак шоу-бизнесинин дээрлик бардык өкүлдөрү менен достук мамиледе.