Парламентте КСДП менен "Республика-Ата Журттун" депутаттары кайым айтышууда

Бүгүн, 13-сентябрда парламентте КСДП менен "Республика-Ата Журттун" депутаттары кайым айтышууда. Жыйындын башында КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосунда "Республика" партиясы эл менен жолукпай, иштебегендиктен өтпөй калганын айткан.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Искендер Матраимовдун айткан сөздөрү жалаа сөз экенин айтты.

"Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосуна "Бир Бол" партиясы 43 талапкер менен катышкан. Алар да үгүт ишин жүргүзгөн. "Республика" партиясы дагы үгүт иштерин жүргүзгөн. Бирок эбегейсиз мыйзам бузуулар менен шайлоо өттү. Спорттук балдар бир-бирден балдарды киргизип жатты. Ушулбу таза шайлоо? Урматтуу Матраимовдор, президент менен жамынбагыла. Президент "таза жана айкын шайлоо болсун" деди. КСДП менен жамынбагыла. 2007-жылы Өмүрбек Бабанов КСДПнын штабынын башчысы болгон. Мен Талас облусунун координатору болгондо Матраимовдор кайда эле? Максим Бакиевдин этегинде жүрбөдүңөр беле. Бүгүн эл кимдин ким экенин билет. Спорттук аянтчаларды куруп бердик деп жатасыз. Кайсы акчага салып бердиңиздер? Матраимовдордун бешөөсү тең мамлекеттик кызматтарда иштейт", - деди "Республика-Ата Журттун" мүчөсү.

Ошол учурда КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жыйындын башында "Республика-Ата Журт" фракциясы толук курамы менен жыйындын башында катышпаганын айтты. "Эми Матраимовдун сүйлөгөнүн угуп келип калышты. Убагында келип агрессивдүү жооп берүү керек. Төрага, президенттик шайлоо бүткөнчө шайлоо боюнча маселени токтотууну сунуштайм", - деди Карамушкина.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова азыр көтөрүлүп жаткан маселе Матраимовдор жөнүндө эмес, шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө болуп жатканын айтты.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев Кара-Суу шаарында өткөн шайлоого президентти аралаштырбай эле коюуну сунуштады. Ал партиянын ортосундагы талаш-тартыш шайлоонун алкагында өтүшү керек экенин билдирди.

КСДПдан депутат Искендер Матраимов: "Мирлан иним, сен катуу кетпесең экөөбүз бир туугандай болуп бир комитетте иштеп жатабыз. Эмоцияга алдырба. Мен силердин кайдан акча таап жатканыңарды айткан жокмун. Кудай берип жатат. Силерге салыштырмалуу жакшы иштерди жасап жатабыз. Мен сизге тийишкен жокмун", - деди Матраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан