Айчүрөк Иманалиеванын “Укта, бөбөк” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси Айчүрөк Иманалиеванын “Укта, бөбөк” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Эркин Тазабековго, обону Качкын Абдыкадыровго таандык. Ал эми клипке Арсен Мендебаиров режиссёрлук кылган. “Клип заманбап стилде тартылды. Анда эне баласын бейиштин төрүндө уктатып жаткан образды чагылдырганга аракет кылдык. Өзүмө да абдан жакты. Негизи клиптин идеясы режиссёрго таандык”,- деди Айчүрөк айым. 

Укта, бөбөк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyzylalma
2013-05-24 20:17:12
Айчүрөк өзүнүн жаңылануусу менен дайым таң калтырып келет. Бул ырды аткаруу манерасы мурунку аткарууларынан түп тамырынан айырмаланат экен. Бир тойдо "Күйдум чок", же "Шизгарэ" деп ырдаганын уккам, такыр башка, "Алымканды" созгону таптакыр бөлөк. Бул ыр менен нечен бөбөктөр уктап, жакшы түш көрө турганында шек жок. Сонун болуптур. Мага абдан жакты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан