Жакында жол эрежесин бузган же туура эмес жерге коюлган унаалардын дөңгөлөгүнө Патрулдук милиция тарабынан “блокиратор” тагыла баштайт. Бул тууралуу Патрулдук милиция боюнча ИИМдин координатору Нур Сатыбалдиев бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында 20-сентябрдан тартып 10 "блокиратор" Бишкек шаарында эксперимент катары колдонула баштайт.
"Ал айдоочуга дароо көрүнүш үчүн унаанын айдоочу тарабындагы дөңгөлөккө тагылат. Эгерде айдоочу аны өзү чечүүгө же чечпей айдап кетүүгө аракет кылса ал дөңгөлөктү тешип салуусу мүмкүн. Айдоочу алгач айып пулду төлөгөн соң гана Патрулдук милиция тарабынан дөңгөлөктөн чечилет”, - дейт Нур Сатыбалдиев.
Айта кетсек "блокиратор" - унааны ордунан жылдырбоо үчүн дөңгөлөккө тагыла турган инструмент.