Жогорку Кеңештин 12-сентябрдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина орус тилине мамлекеттик деген макам берүүнү сунуштаган. Муну ал кыргыз тилин билбегендер мамлекеттик кызматка ишке кирерде айрым тоскоолдуктарга туш болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу тилдерди бири-бирине каршы койбоо керектигин белгилеп, макам бир депутаттын сунушу менен берилбей турганын айтты.
"Депутат Ирина Карамушкина Конституциялык укугун пайдаланып өз оюн айтты. Мамлекеттик макам Конституция менен берилет. Конституция жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүлөт. Макам берүү бир депутаттын же бир топ адамдын колунан келбейт. Расмий тил жөнүндө жана мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө мыйзам бар", - деди ал.
Анын билдиришинче, 2016-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат" тууралуу мыйзамда квалификациялык талаптар бар. Анда мамлекеттик кызматта иштегендер кызматтык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү ченемдери каралган.
"Азыр биз мамлекеттик, расмий жана БУУнун 1 расмий тилин билген жаңы муунду өстүрөлү деп жатабыз. Орус тили - Пушкиндин тили аны билген жакшы, англис тилин билгендик андан жакшы. Тилдерди бири-бирине каршы койгон туура эмес. Мыйзамда кыргыз тили кыргыздар үчүн гана деп айтылган эмес. Биз Кыргыздын жараны катары кыргыз тилин билүүгө милдеттүүбүз. Бул улуттук иденттүүлүккө алып келет", - деп кошумчалады.
Орус тили Кыргыз Республикасында расмий тил болуп саналат. Макамы боюнча расмий тил мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинен төмөн турат. Ошондой эле Казакстанда, Өзбекстанда (ЖААК бөлүмдөрүндө), Тажикстанда (мыйзам жазууда), Абхазияда жана Украина, Румыния, Молдовиянын айрым аймактарында документтер орус тилинде жүргүзүлөт. Ал эми Орусияда, Беларусь Республикасында, Түштүк Осетияда мамлекеттик жана расмий тил болуп эсептелет. Мындан сырткары орус тили БУУ, ЖККУ, КМШ, ШКУ өңдүү эл аралык уюмдарда расмий тил болуп эсептелет.