Өкмөт кыргыз-өзбек чек арасында кайсы аймактар такталып бүткөнүн айтпай жатат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкек шаарына 5-сентябрда келген. Анда ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, чек ара боюнча келишимге кол коюлган. Өзбекстан менен болгон чек аранын 85 пайызы боюнча эки тарап макулдашып, бекитилгенин Кыргыз мамлекет башчысы айткан эле. Бирок азыркы күнгө чейин ошол макулдашылган чек аранын бөлүгүнө кайсы аймактар кире турганы айтыла элек.

Бул боюнча өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Эрбол Султанбаев төмөндөгүчө жооп берди: "Келишимдин алкагында макулдашылган тилкелер боюнча кенен маалыматты азырынча бере албайбыз. Чек арадагы талаш-тартыш жараткан тилкелер боюнча да так маалыматты кийинчерээк таратабыз. Макулдашылсын, анан гана кенен маалымат берилет".


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан