Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына депутаттын жубайы Айгүл Текебаева билдирди.
"Бүгүн эртең менен соттон чакырышкан, барсак 15-сентябрь күнү кирип жолугууга уруксат берилгенин айтышты. Кызым Айданек 17-сентябрда Кытайда окуусу башталып кетмек, ошого байланыштуу ал да атасына жолугуп анан кетсин деп соттон суранып жатканбыз", - деди Айгүл Текебаева.
Айта кетсек, буга чейин Текебаев менен Чотоновдун жубайы алар менен жолугуша албай жатышканын айтышкан.