"Өнүгүү-Прогресстен" депутат "бийлик шайлоого аралашпасын" деди. КСДПчы депутат ага жооп берди

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов айрым аймактарда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кол алдындагы кызматкерлерден президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоону талап кылып жатышканын айтты.

"Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя айылында Бакыт Төрөбаевдин баннерин чечип салгыла деген буйрук берип жатышыптыр. Кара-Көлдө Төрөбаевдин шайлоо штабы имаратты ижарага алган эле, бирок жергиликтүү бийлик "имараттан чыккыла" деп буйрук бериптир. Мындан тышкары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору студенттерди мажбурлап КСДПдан талапкерге добуш бересиңер деп иштерди жүргүзүп жатат", - деди Жамалдинов.

Мындан тышкары ал мындай көрүнүш Ошто да байкалып жатканын баса белгилеп, нааразычылыгын билдирди. "Жаңы премьер-министр шайлоого аралашпай турганын убадалаган. Административдик ресурс колдонулбасын", - деди Жамалдинов.

КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева андан добуш берүүгө мажбурлоо фактыларын келтирүүнү сунуш кылды. "Жөн эле КСДПны күнөөлөй бербеш керек. Эгер акча берүү фактылары болсо, жарандар укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу", - деди Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан