Өткөн аптада президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") менен Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") биригип жатканы айтылды эле. Бул маалыматты аталган эки саясатчы төгүнгө чыгарып же ырастай да элек. "Төрөбаев менен Бабанов тандем түзөт" деген кептер кечээ күндөн тартып кайрадан актуалдуу боло баштады.
Айрым маалыматтарга караганда, бул союзга дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун ("Бүтүн Кыргызстан") кошулары айтылууда. Ал буга чейин SUPER.KG порталына "12 талапкер бир тарап, бийликтин талапкери бир тарап болушу керек. Өлкөдө бүгүнкү баш аламандыкты токтотом деген азамат болсо, амбицияны артка таштап биригүүгө даярмын", - деп билдирген.