Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") менен тандем түзүп-түзбөгөнү кайсы күнү жарыяланары белгилүү болду.
"Эки талапкердин биригиши боюнча сүйлөшүүлөр тыгыз жүрүп жатат. Акыркы чечим 17-сентябрдан кийин кабыл алынат. Ошондо эле расмий жооп болот. Азыр сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы чыга элек", - дешти SUPER.KG порталына Төрөбаевге жакын булактар.
Айта кетсек, өткөн аптада Төрөбаев менен Бабанов биригип жатканы айтылды эле. Бул маалыматты аталган эки саясатчы төгүнгө чыгарып же ырастай да элек. Айрым маалыматтарга караганда бул союзга дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун ("Бүтүн Кыргызстан") кошулары айтылууда.