Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти 1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында, шаардагы жашоо-турмушу начар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөдөгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга медициналык жардам көрсөтүү багытында комплекстүү иш-чараларды баштады.
"Азырыкы учурда социалдык колдоого муктаж болгон балдардын ден соолугу тынчсызданууларды туудурууда. Аталган категориядагы балдар кургак учук, инфекциялык жугуштуу оорулар боюнча адис-дарыгерлердин кароосунан өтүшөт. Оорулуу балдар диспансердик каттоого алынып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланышат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат",- деп билдирет мэрия.