Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш ортомчулук кылуу боюнча жогорку деңгээлдеги комиссия мүчөлөрүнүн түзүмүн жарыялады.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, 18 өкүлдөн турган комиссиянын курамында Кыргыз мамлекетинин мурдагы президенти Роза Отунбаева да бар.
Комиссия мүчөлөрү: Чили өлкөсүнүн президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын конституциялык кеңешмесинин мүчөсү Радика Кумарасвами, Финляндиянын мурдагы президенти Тарья Халонен, Иорданиянын мурдагы тышкы иштер министри Нассер Жода, Алжирдин мурдагы тышкы иштер министри Рамтане Ламамра жана башкалар.
Аталган топ тынчтык үчүн дипломатияны көтөрүү жана БУУнун дипломатия жана ортомчулук милдеттерин жогорулатуу максатында түзүлгөн. Гуттереш БУУдагы гендерлик теңдиктин жаңы системин жарыялаган. Ага ылайык, 2021-жылы дүйнөлүк уюмдардагы жетекчилик кызматтарда эркектер менен аялдардын саны теңделиши керек.