Бүгүн, 14-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга Владимир Путин менен жолугушуу үчүн барды. Президенттик аппараттан SUPER.KG порталына билдиришкендей, өлкө башчынын иш сапары мындан бир ай мурун макулдашылган.
"Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу 14-августта эки президенттин ортосунда телефондук сүйлөшүүлөр болгондо макулдашылган. Ага ылайык, бүгүн Атамбаев иш сапары менен Орусияга барды. Бул жолугушууда эки өлкөнүн башчылары ЕАЭБдин алкагындагы актуалдуу маселелерди жана эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча маанилүү маселелерди талкуулашат", - дешти президенттик аппараттан.
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаевдин бул иш сапары коомчулукта күтүүсүз экени айтылып, аны айрым маалымат булактары 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырышкан.