Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары жумуш убактысынын бүткөнүнө байланыштуу соттук отурумду кийинкиге жылдырууну талап кылышты. Мындан улам сот менен жактоочулардын ортосунда кайым айтышуу орун алып сот алардын талабын четке какты.
Текебаевдин жактоочусу сот отурумду саат 18:00гө чейин улантуусу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ага сот жооп катары кээ бир учурда санкцияларды түнкү саат 02:00дө да карагандыгын айтты. Ага жактоочулар "санкцияны кароого болот, бирок отурумду улантууга мүмкүн эмес" дешти.
Кийин соттук отурум уланып сот Текебаевден качан кечки тамакты ичерин сурады. Ал саат 19:00дө деген соң отурумду 19-сентябрга жылдырды.