Кылмыш иши козголуп, УКМКнын абагында кармалып турган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын үй-бүлөсү жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Ай-Данэк Текебаева билдирди.
"Бүгүн эртең менен саат 10:00дөр чамасында биз үй-бүлөбүз менен УКМКнын абагына барып, атам менен жолуктук. Ал жакта 2 сааттай сүйлөшүп отурдук. Атамдын абалы жакшы экен, ден соолугу да мыкты экенин, ошондой эле жакында чыгарын айтты", - деп билдирди Ай-Данэк Текебаева.
Эскерте кетсек, буга чейин Текебаев менен Чотоновдун жубайлары сот күйөөлөрү менен жолугууга уруксат бербей жатканын айтып чыгышкан. Кийин Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жолугууга уруксат алышканын билдирген.