Баткен. Исфанада "Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз!" фестивалы өткөрүлөт

2012-жыл – Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата 27-ноябрь күнү Исфана шаарында "Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз!" аттуу фестиваль өткөрүлөт. Ага Баткен облусунун бардык район, шаарларынан түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө көргөзмөлөр жана кароо-сынактар, концерттик программалар уюштурулат. Иш-чаранын максаты - облуста жашаган улуттардын ынтымагын, достугун чыңдоо. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан