Идирис Айтбаев: "Мирзийоев белек кылган унаа менен үйдү Өзбекстанда жашаган ата-энеме белек кылдым"

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев белек кылган автоунааны жана үйдү төкмө акын Идирис Айтбаев Андижан облусунун Намуна айылында жашаган ата-энесине белек кылгандыгын SUPER.KG порталына билдирди.

"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда убада кылган унаа менен үйдүн ачкычын мага Андижан облусунун акими Ш.Абдурахманов 8-сентябрда тапшырган. Бул белек мага берилгени менен, жалпы кыргыз элине болгон сый-урмат деп түшүнөм. Мени белектен да чек аранын ачылганы өзгөчө кубантты. Анткени эми көптөгөн өзбек туугандар жана мекендештерибиз өздөрүнүн жакындары менен эч кандай кыйынчылыгы жок катташа алышат. Мага берген белекти мени ушул даражага жеткирген, мени тапкан, мени баккан ата-энеме тартуулап келдим", - деп билдирди төкмө акын.

Эскерте кетсек, 5-сентябрь күнү резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда төкмө акын чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Tolkun555
2017-09-15 19:51:19
Мен да атам менен энеме бермекмин.Алла ыраазы болсун.атаныз менен энениз уулум берди деп бир суйунгону бардык нерседен кымбат турат.алардын кичинекей ыраазы болгону кудайдын бергени.
+30
salimbek87.kg
2017-09-15 19:51:32
Азаматсын Идирис .
+14
Talgat89
2017-09-15 20:00:39
Уйунуз, машинаныз куттуу болсун. Сизди мамлекет туура баалай албаганы менен Кудай туура баалады окшойт озбек президентине жолуктуруп. Озбек президенти да азамат экен, убадасын 3 кундун ичинде аткарыптыр. А бизде толтура адамдар журот окмот уй убада кылган бирок 6 жылдан бери ала албай журобуз дешип
+31
Maksatbekajy1985
2017-09-15 20:05:19
Озбекстанды анчалык мактап ырдаштын кереги жок эле
-41
Tolkun555
2017-09-16 06:59:21
Maksatbekajy1985,достукту ырдаган.озбек деп жек коргонун менен алар деле мусулман.бизге караганда онуккон мамлекет.10 жыл алдыга кеткен.айдаганын эки эчки ышкырыгын таш жарат.
+3
Attila88
2017-09-15 20:08:34
Идирис эми болду.ким кайсы мамлекет машина уй берселе мактайбербей.мирзийоевти ртоле мактап жибериптир.аны ункуртоо тоого алмаштырды ашага.дагы коп жерди берип жибербеселе болду аша.ачык айтпайтатко.калпеле 80процентин чечтик деп койду
-18
KGstan1981
2017-09-15 20:19:10
Атамбаевтин шопурунун жардамысы м-н эл артисти деген наамды алган Самара Каримовадан Идирис Айтбаевтин таланты мин эсе кучту экен.Ошону учун Идирис Айтбаевке эл артисти деген наамды тапшырышсын деп Атамбаевтан талап этейлик.
+23
amantur.kgg
2017-09-15 21:21:29
KGstan1981,Ой тообо эми сен талап эткенин менен берип коймок беле самарага берилген наамда Каримова Самара деп жазып койгонда
+8
molorbaev
2017-09-15 23:39:22
KGstan1981, Самара Каримованынн эл артисти наамын алуусуна коп бар. Ал эмгек синирген артисти наамын алды.
+5
KGstan1981
2017-09-15 20:21:20
О.э айтып кетейин биздин мультимиллионер Ажобуз дагын Идириске жок дегенде бир комнаталуу квартира белек кылса болот.Уят Атамбаевке.
+9
Best.bakyt
2017-09-16 20:03:43
KGstan1981,Эмнеге бериши керек ошону айтчы? Кайсы кылган кызматына? Идиристен он эсе ойдо турган токмолор журот эч нерсе албай эле. Же Озбек президентин мактады деп Бишкектен бир уй Оштон бир уй берсинби?
-1
Benazir08
2017-09-15 22:04:02
Жакшы экен мн атамын эжеси да Андижанда жашачу. Отуп кетти туугандарынын бирин да киргизбей койду
+6
Akyl78.1501
2017-09-15 22:38:03
Молодец иним атаңа рахмат өнөрүң өркүндөй берсин
+11
tyny44
2017-09-16 00:57:18
Азаматсын
+3
Kroxa
2017-09-16 01:54:08
Ата энеси Андижанда жашап 5 жыл барбаса Мирзоевди мактамак тугул бутунан опсо да аздык кылат Ата энеси учун..
+5
bema_bema
2017-09-16 06:31:01
Kroxa,Туура эле ото мактаган деле эмес,эми кылган ишин айтат да.Мактаганга ылайыктуу киши экен .
+2
PROS
2017-09-16 08:26:25
Төкмө акындар менен куудулдар чындыкты айтышат! Идирис мактап ырдаса, демек, чындыгында мактай турган иш кылыптыр өзбек ажосу. Биздин ажобуз да мактоого арзый турган иш жасаганда мен да төгүп ырдамакмын! Чет эл, чет жерде жүргөндө да башымды бийик көтөрүп жүрмөкмүн, биздин ажобузга сыймыктанып! Бирок бул кыялым орундалганча бул дүйнөдөн көзүм өтүп кетет окшойт аттиң...
+5
bond02
2017-09-16 08:33:59
Озбектер акырындан бизди алдап башыбызга сыйыртмак салып журбосун.
+1
Lintel
2017-09-16 11:02:22
Байкеси Машиненди Ошко айдап келбе коро албастар секин талкалашат. Бизде коро албастар отоо онугуп кеткен. Эн жакшысы Атана бергенин туура болгон.
+4
Nora
2017-09-17 05:26:33
birr ozun korsotup koiuptur da chirkin, Ozbek Prezidenti! emmi aaaaa dep koigon adamga ele naam berip ui mashina bere berse, anda okmot baikush bolup judop kalat goo i tak ele kazynada kyiratkan ech deme jok, but ele eki jaktan jardamga kelgen akchalar menen olbostun kunun korup jashap atat baikush Kyrgyz elim.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан