Адахан Мадумаров: "Бүгүн Өзгөндө эл алдына Бабанов менен чогуу чыгабыз"

Бүгүн,16-сентябрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабанов Өзгөндө эл менен жолугууга чогуу чыгышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мадумаров өзү билдирди. Ал эки талапкердин биригүүсү боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын баса белгилеп, акыркы чечимге келе электигин, бүгүнкү жолугушуу эки талапкерди бирикти деп айтууга азырынча негиз боло албай турганын кошумчалады.

"Бийлик талапкеринен башка бүт баарыбыз бир талапкерге токтолушубуз керек. Биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөр кетип жатат. Бүгүн Өзгөндө эл алдына чогуу чыгабыз. Мен ал жерден бул менин элим, менин районум дегенди токтотуп, тескерисинче, кайсы талапкер кайсы жерден болсо жакшынакай салам берип, кыргыздын касиети менен тосуп алуу маданиятын көргөзөйүн деп жатам. Менин бирден бир максатым, бир талапкерге токтолуп жеңишке жетишүү. Ал талапкер ким болот мага кызыгы жок, өлкөнү өзгөртүүбүз керек. Бүгүнкү баш аламандыкты токтотуубуз керек. Биригүү боюнча Темир Сариев менен да, Бабанов менен да, башка талапкерлер менен да кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди Мадумаров.

"Республика-Ата Журт" партиясынын маалымат кызматы SUPER.KG'ге бүгүн саат 16:00дө Өмүрбек Бабановдун Өзгөндө эл менен жолугушуусу Адахан Мадумаровдун катышуусунда өтө турганын ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан